Окуучу кызды өтмөктөн сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 10-февраль күнү жол кырсыгы катталган жерден изин жашырган айдоочуну кармашты.
10-февраль күнү болжол менен саат 10:40 чамасында Бишкек шаарынын Өмүракунов менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде, белгисиз айдоочу белгисиз унаада жол өткөөлүнөн өтүп жаткан 12 жаштагы А.А. окуучу кызды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып белгисиз тарапка кетип калган.


Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө иштеринин натыйжасында, 2023-жылдын 15-февраль күнү, окуяга шектүү Бишкек шаарынын тургуну 24 жаштагы айдоочу А.Н., өзүнүн “Мерседес-Бенц 311” үлгүсүндөгү унаасы менен кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда унаасы атайын айып аянтына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу айдоочу! Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз. Жол кырсыгында адам өмүрүн коркунучка калтырып таштап кетүү сиздин жоопкерчилигиңиз экенин эстен чыгарбаңыз.