Манасчы Дөөлөт Сыдыковго жана Москвадагы ишкер Эмил Жайчиевге кылмыш иши козголду

Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковго жана Москвадагы ишкер Эмил Жайчиевге «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланды. Бул тууралуу маалымат абактагы активист Илгиз Шаменовдун фейсбук баракчасына жарыяланды.

Шаменовдун айтымында, иш козгоого Орозайым Нарматова, Тилекмат Куреновдор менен бирге Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды коё берүү талабы менен Москвада жасаган видео кайрылуусу негиз болгон.

«Эми издөө жарыялаганы жатышкандарын, тергөөнүн жетекчиси Жапеков айтты, мен өзүм дагы тааныштым, иш токуп даярдап коюшуптур. Кыскасы тергөөчүнүн ою боюнча, биз бешөөбүз Москвада жатып алып, бийликти басып алмак экенбиз», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми манасчы Дөөлөт Сыдыков социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Мен, Кемпир-Абад жери берилбесин деген гана пикиримди айткам. Жер коргогон кылмышпы?»,-деп жазган ал.