“Манастын жери Манаска эле калсын”: Дөөлөт Сыдыков билдирүү жасады

Мен өлкөдөн үй- бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Бул тууралуу манасчы Дөөлөт Сыдыков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мен өлкөдөн үй- бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду. Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз Садыр аба. Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет.

Кепти башкага бурумуш болуп жерди унуттурам дебегиле. Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары. Ал жакшы, эми жери кемип кетпей Манас ааламына татыктуу имарат туруш керек деген эле тилектемин. Ийгилик каалайм, татыктуу салынсын. Дагы бир жолу айтып коёюн, жок нерсени чыгарып, калп каралаганды токтоткула!»,-деп жазды Сыдыков.

Белгилей кетсек, Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени 5-майда белгилүү болду. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынууда.