Бишкекте адам уурдагандар кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектүү жарандарды аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү болжол менен саат 14:40 чамасында Бишкек ШИИББнин «102» кызматына 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаран жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2022-жылдын 4-майында болжол менен саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаранды чала тааныш болгон 8-9 балдар Байтик-Баатыр көчөсүнөн БМВ Е60 үлгүсүндөгү унаага эркине каршы салып кетишип, үйдө кармап, коркутуу жолу менен чоң суммадагы акча талап кылышкан.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган П. А. жана 1993-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандарды кармашып, Биринчи май районундук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.