Аэропорттордун инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилет

Кыргызстанда 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аэропорттордун инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди.

Президент эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүп, колдоп туруу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин эске салды.

«Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу чечимин кабыл алган элем. Ага «Ысык-Көл»,» Каракол», «Нарын»,» Ош», «Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору киргизилген. Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аэропорттор: Казарман, Талас ж. б. аэропорттор ишке киргизилет.

Бул чыгашалар «Манас» аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр ал жакта коррупцияны жоюп, быйыл таза кирешеси 4 миллиард сомду түздү. Буга чейин таза кирешеси 2 миллиард сомдун тегерегинде болчу. Элибиз үчүн бир облустан экинчи облуска тез жана ыңгайлуу каттоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Жапаров.