Ош шаарында 3-класста окуган кызды унаа сүзүп, каза болду

Кырсык 28-апрелде болгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган маалыматты тастыктады.

Алардын маалыматы боюнча, 28-апрель күнү саат 12:50 чамасында облустук балдар ооруканасына 2014-жылы туулган кыз И.А. түшкөн. Ал Навои атындагы орто мектептен чыгып, Ленин көчөсүндөгү жөө өтмөктөн өтүп жаткан учурда «Хонда Джаз» үлгүсүндөгү унаасы менен К.З. (аял) сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен кыз ооруканага жетпей каза болгон.

Айдоочу 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды.