Бишкекте турак үй толугу менен өрттөндү

Бишкекте турак үй күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

2-майдын түнүндө Свердлов районунун Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 03:05те жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 04:15те чектөөгө алынып, 06:41де толук өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.