Бишкекте атайын багыттагы аскерлер ээнбаштыкка шектелген жаранды колго түшүрдү

Бишкек шаарында атайын багыттагы аскерлер ээнбаштыкка шектелген жаранды кармашты.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2022-жылы декабрда борбор калаанын тургуну сабалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Ээнбаштык) 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну Д.у.А.ны кармашты. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Тергөө уланууда.