Валентин Юдашкин 59 жашында каза болду

Дүйнө жүзүнө белгилүү дизайнер Валентин Юдашкин 59 жашында каза болду.

2016-жылы ага бөйрөк рагы диагнозу коюлган, андан кийин башынан метастаздар табылган. Ошондон бери ал дарыланып жаткан.

Юдашкин 1963-жылы 14-октябрда Москванын жанындагы Одинцоводо төрөлгөн. 1986-жылы Москва индустриалдык техникумун бүтүргөн.

Валентин Юдашкин эмгек жолун 1980-жылдары баштаган. Анын биринчи коллекциясы 1991-жылы Парижде тартууланган, ал 150 моделден турган.

1994-1996-жылдары Орусиянын олимпиадалык курама командасынын, 1999-жылы Орусиянын аялдар жана эркектердин футболдук командаларынын костюмдарынын дизайнын жасаган.

2012-жылы Владимир Путиндин ишенимдүү адамы болгон. 2012-жылдын февраль айынан тарта Россиянын бий спорт союзунун президенти кызматын ээлеп, ошол эле жылы «Стиль жана мода» телеканалынын башкы редактору болгон. Орусиянын Эл сүрөтчүсү (2005), Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1999) наамдарына ээ болгон.

Эскерте кетсек, 30-апрелде белгилүү модельер Вячеслав Зайцев каза болгон.