Кумаркана ачууга биринчи лицензия берилди

Кыргызстанда казино ачууга биринчи лицензия берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу органынын сайты аркылуу кабарланды.

Документтерди «ГРАНД КАЗИНО» ЖЧКсы алып, лицензия үчүн 84 миллион сом төлөгөн.

Эске салсак, оюн-зоок ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо коомдо бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы болгондор борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңеште да талаш-тартыштар жаралып, парламент бешинчи аракетинде гана кумар оюндары боюнча мыйзамды кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров казинолор жөнүндө мыйзамга 2022-жылдын 30-июнунда кол койгон.