Кыргызстан Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландоодо

Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев: «30 лицензия алабыз деп эмнеге таянып айтып жатасыздар? Анализ жүргүздүңөрбү?”, — деп сурады.

Канат Шабданбаев ар бир федерация менен жолугушуулар өткөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин айтылган болжолдуу сан экенин айтты.

“Учурда спорттун 11 түрүнөн 26-27 лицензия жана паралимпиада оюндары боюнча 2-3 лизенция алабыз деп болжолдоп жатабыз. Ошондо жалпы 30 лицензия болот”, — деди Спорт департаментинин директору.