Билим берүү мекемелеринде каттоо жана лицензиялоо жаңы баскычта өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 5-сентябрынан тарта Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасын (АСУЛА) пилоттук режимде ишке киргизет. Бул тууралуу онлайн конференцияда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мурдагыдай министрликке келип кагаздарды тапшыруу талап кылынбайт. Баардыгы электрондук форматта гана болот.

Онлайн конференцияга райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/ башкармалыктарынын жетекчилери, райондук билим берүү уюмдарынын аккредитациялоо боюнча адистери жана мектеп директорлору катышты.

Катышуучуларга «ИВТ Лаб» ЖЧКнын кызматкери Айбек Шакитов автоматташтырылган система аркылуу аккредитациядан өтүүнүн жол-жобосу тууралуу атайын баяндама жасады.

Аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова бул система билим берүү уюмдарын жана программаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо процесстерин санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыкканын белгиледи.

Билим берүү уюмдары аккредитациядан өтүү үчүн арызды www.asula.edu.gov.kg аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.

Бул система аккредитациялоо ишинде объективдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздоого, коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө багытталган.