Рамзан Кадыров кызматтан кете тургандыгын жарыялады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Telegram баракчасына кызматта өтө көп убакыт отурганын байкаганын жазды.

«Мен өтө көп отурганымды өзүм байкадым. Мен мөөнөтсүз жана узак эс алууга толук татыктуу болдум деп ойлойм. Мени колдоп, түшүнөсүздөр деп ишенем», — деп жазды ал.

Кадыров ошондой эле Чеченстанда: «Канчалык көп күттүргөн, урматтаган конок болбосун, убагында кетсе, андан да жагымдуу» деген сөз бар экенин айткан видеосун жарыялады.

Ал жаштыгы өтүп кеткенин билдирди. «Көрсө, менин жаштыгым өтүптүр. Бир кезде жаш, тажрыйбасыз болчумун, азыр деле ошол бойдон тажрыйбасызмын, бирок жаштыгым кетти», — деди ал.

Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери башкарып келет, ал өз кызматында Орусиянын башка региондорунун башка лидерлерине караганда көп убакыт иштеген. Кадыров акыркы жолу 2021-жылдын сентябрында республиканын башчылыгына кайра шайланган, анын ыйгарым укуктары 2026-жылы аяктайт.