Рамзан Кадыровду сындаган блогер Швецияда киши колдуу болду

Рамзан Кадыровду сындап келген чечен оппозициялык блогер Тумсо Абдурахманов Швецияда өлтүрүлдү. Бул тууралуу 1ADAT телеграм-каналы билдирди.

«Свобода» радиосуна маалыматты блогердин шериктери тастыкташты.

Швециянын укук коргоо органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Абдурахманов Швецияда 2-декабрга караган түнү өлтүрүлгөн.

2020-жылы февралда Тумсо Абдурахмановго Швециядагы батиринде кол салуу болгон. Блогер кол салган кишини куралсыздандырууга жетишип, полиция чакырган. Бул иш боюнча 2021-жылы январда өкүм чыгып, орусиялык жарандар соттолгон. Кылмышка ким буюртма бергени аныкталган эмес. Бирок прокурор сотто бул иштин изи Грозныйга барып такаларын айткан.

Кремль менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн 34 жаштагы Абдурахманов 2015-жылы мекенинен чыгып кеткен.