Асынып алган шектүүнүн апасы уулу кыйноого кабылганын айтууда

Ош шаарындагы СИЗО-5 кызматкерлеринин шалаакылыгы фактысы боюнча атайын прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош шаары жана ушул эле аталыштагы облусу боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов билдирди.

Анын айтымында, Кадамжай районунда кызды өлтүрүп, зордуктаган деп айыпталган экөө тең жакында эле Оштогу СИЗОго которулган. Ага чейин алар райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган.

«Маркумдардын биринин апасынын айтымында, каза болор алдында уулу жактоочуну алмаштырууну суранган. Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүндөгү кыйноолор боюнча арызданган. Маркумдун ата-энесинин айтымында, алар күнөөсүн мойнуна алышкан эмес. Айыпталуучулар Ош шаарындагы СИЗО-5ке которулгандан кийин физикалык экспертиза дайындалган. Медициналык бөлүмдүн башчысынын айтымында, абактагылардын денесинде күч колдонуунун белгилери болгон эмес. Болгону, алардын биринин саны көгала болгон, бирок абактагы адам анын келип чыгышы тууралуу айткан эмес. Айыпталуучулардын биринин сөөгүн текшерүү учурунда мен өлүк тактарга мүнөздүү эмес түстү байкадым. Медициналык экспертиза денедеги ал тактар ​​эскирип калганын билдирген. Бардык фактылар катталып, прокуратурага берилди», — деди Улугбек Абдулазимов.

Эске салсак, 4-декабрда Кадамжай районунда кызды өлтүргөн деп айыпталган эки адам Ош шаарындагы СИЗОдо асынган. Бул ишке жалпысынан төрт адам катыштыгы бар, алардын бири жашы жете элек. Факты ИИМге катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. ИИМдин кызматкерлеринин шалаакылык фактысы боюнча материалдар да атайын прокуратура тарабынан каттоого алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айыпталуучулардын денесинде жаракаттар жок. Үчүнчүсү, жашы жете элек, Жалал-Абад облусундагы коопсуздук мекемесинде, төртүнчүсү түштүк борбордогу СИЗО-5де камакта.

Кыздын жансыз денеси сентябрь айында Ноогардан айылына жакын жердеги тоннелде табылган. Окуя тууралуу жергиликтүү тургундар милицияга кабарлашкан.