Майыптарды реаблитациялоо борборунун жетекчиси алмашты

Майыптарды реаблитациялоо борборунун жетекчиси болуп Таарынбү Абдыкадырова дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү буйругунун негизинде дайындалды.

Таарынбү Абдыкадырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин линиясы боюнча 25 жылдык дарыгердик иш тажрыйбасы бар.