“Азаттыкка” каршы сот отуруму жылдырылды

Бүгүн, 26-декабрда “Азаттыкка” каршы мыйзамсыз аракеттерге каршы чыгуунун алкагында соттук отуруму болуп, 17-февралга жылдырылды.

Администрациялык сот тарабынан “Азаттыктын” сайтын жабуу жөнүндө чечимди талашуу боюнча административдик доо арызды кароо болуп, жоопкер Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги болуп эсептелинет.

Медиа Полиси Институнунун өкүлү Акмат Алагушев белгилегендей, материалдардын түп нускасы жок болгондуктан, сот жылдырылды.