Мирзиеевдин иш сапары: Бишкекте үч миң милиционер кызмат өтөйт

Кыргызстанга 26-27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө.

Бишкек шаардык милиция билдиргендей, мамлекеттик сапарга даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шаарда үч миңден ашык кызматкер коомдук коопсуздукту жана тартипти карап, кызмат өтөйт.