Монополия агенттигинин башкы адиси пара менен кармалды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын УКМКдан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) туралуу козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Такталгандай, кармалган адам Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.
Тергөө жүрүп жатат.