CAFA NATIONS CUP-2023: Кыргызстан Иран жана Ооганстан менен ойнойт

Бүгүн, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курама командаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталды.

Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы Ооганстан жана Иран курамалары менен «В» тайпасында орун алды.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте – 10, 13, 16-июнда өтөт, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

«В» тайпасындагы беттештердин жүгүртмөсү:
10-июнь

Кыргызстан – Ооганстан
13-июнь
Иран – Ооганстан
16-июнь
Кыргызстан – Иран

Беттештер айланма системасы менен бир айлампада өткөрүлөт. Анда тайпалардын жеңүүчүлөрү Ташкент шаарында финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат.

Билеттер жана трансляция тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.

eb0eb664 3e66 4f20 8c66 7ff2db9a352f CAFA NATIONS CUP-2023: Кыргызстан Иран жана Ооганстан менен ойнойт