Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү

Калаада Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Таберик” балдар музыкалык театры Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата “Бишкегим – Алтын бешигим” аттуу музыкалык этно-спектаклин койду. Иш-чарага Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.

Спектакль Батыш менен Чыгыш цивилизациясынын ортосундагы байланыштын негизги булагы катары Чүй өрөөнүнүн кесилишиндеги Жибек жолунун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхый фактылары менен негизделген.

«Бишкеким — Алтын бешим» этникалык спектаклинин толук версиясын бул шилтемеден көрө аласыздар.

whatsapp image 2023 04 26 at 13.21.57 Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү
whatsapp image 2023 04 26 at 13.21.57 3 Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү
whatsapp image 2023 04 26 at 13.21.57 1 Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү