Ысык-Көлдө бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандар изделүүдө

Ысык-Көлдө экологиялык милиция жерди бузуу жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жакында социалдык тармактарда Ак-Суу районунда жаӊы каналын салуу учурунда бир нече бак-дарактар кыйылганы тууралуу сүрөттөр менен маалымат тараган.

Аталган маалымат боюнча Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда Ак-Суу районундагы «Лесное» участкасына жаӊы каналы салынганы аныкталган. Ошондой эле, жаңы каналды өткөрүү учурунда бөрү карагаттын бадалдары жана бак-дарактардын кыйылганы аныкталды. Жеринде 18 даана кыйылган теректин дүмүрү жана 12 даана бөрү карагаттын бадалдары табылып, катталган.

Аталган факт Ак-Суу райондук ИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Материалдык зыянды аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл-Нарын башкармалыгына суроо-талап жөнөтүлгөн. Аларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдык зыян 81235 сомду түздү.

Азыркы учурда Ак-Суу районундагы «Лесное» участогунда жаӊы канал ким тарабынан жасалгандыгы аныкталып жатат.

f70e2d38 a143 401f 8e18 72fffdbd33e5 Ысык-Көлдө бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандар изделүүдө