
Жети-Өгүз районунда санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан рейддин жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында мал союучу цех иштеп жаткандыгы аныкталган.
Кароо жүргүзүүдө мал союучу цехте көптөгөн критерийлер боюнча элементардык ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгы байкалган. Айрым жаныбарлардын калдыктары жана каны жерге төгүлгөн, дезинфекциялык тосмо жана кык чогултуучу жайлар жок болуп чыкты.
Аталган факт Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Чогултулган материалдар тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Текшерүү иштери уланууда.