
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ Тергөө кызматына жаран М.Ш. жазуу түрүндө кайрылып, ушул жылдын июнь айында башка өлкөдөн сатуу үчүн товар жеткирип берүүнү убада кылып, 140 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алдап алган К.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Бирок шектүү алган милдеттенмелерин аткарган эмес, товарды жеткирген эмес жана акчаны кайтарып бербей кеткен.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май районунун ИИБ кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн жана жүргөн жерин аныкташкан. Ал 1982-жылы туулган К.А. аттуу жаран болуп чыкты.
Ал ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Биринчи май райондук ИИБ шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды, ошондой эле анын аракеттеринен жабыркаган тараптарды ички иштер органдарына арыз менен кайрылууну же төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: 0779209945 жана 0700209945.






