Бишкектин айрым бөлүгүндө 15-сентябрда суу өчөт

15-сентябрда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өчүрүү району Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол тилкеси, Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок конуштарын камтыйт.

Мында саат 09:00дөн саат 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу “Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.