Бишкекте 92 метрлик айланма дөңгөлөк жайгашкан үй-бүлөлүк парк ачылды

Бишкекте көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркы жаңыланып, “Асман парк” болуп ачылды. Мэриядай кабарлашкандай, парктын ачылышы шаар мэри Айбек Жунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Маалым болгондой, долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылган. Реконструкциянын алкагында паркта заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар, оюн-зоок аянтчалар жана футуристтик дизайн элементтери пайда болду. Аймакка 1000ден ашуун жаш дарак жана декоративдүү көчөттөр отургузулду.

“Асман парктын” башкы символу – 92 метр бийиктиктеги “Бишкек жылдызы” аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп саналат. Анын бийиктигинен Бишкектин тоолоруна көз чаптырган панорамалык көрүнүш ачылат.