“75чилердин каты” боюнча өкүм өзгөрдү. Шаардык соттун чечими

Бишкек шаардык соту “75чилердин каты” иши боюнча айыпталып жаткан сегиз адамга карата өкүм чыгарды.

Жактоочулардын маалыматына ылайык, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөрттү. Сот айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алуу боюнча коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесин жокко чыгарып, аларды “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу” (195-берене) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Иш боюнча айыпталган сегиз жаран — Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев жана Аалы Карашев төрт жылга эркинен ажыратылып, сот аларга эки жылдык пробация жазасын чектеди.

Ошол эле учурда айыпталуучулардын айрым жактоочулары соттун бул чечимине макул эместигин жана өкүмгө даттана турганын билдиришти.