Мектепке кабыл алуу. Биринчи класска 146 миңден ашык бала катталды

Кыргызстандын мектептерине биринчи класска 146,3 миң бала катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Бишкек шаарында 25,4 миң бала мектепке кабыл алынды. Анын ичинен 13,5 миңге жакыны кыргыз тилинде окутуучу класстардан орун алса, 11,9 миңден ашыгы — орус тилиндеги класстарга катталган.

Борбор калаада 990го чукул бош орун калды. 2026/2027-окуу жылына карата республика боюнча квоталардын жалпы саны — 193,3 миң. 49 миңден ашык бош орун калды.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлгөн, ал эми азыр каттоодон өткөн дареги боюнча эмес, бош орундары калган мектептерге гана катталууга болот.

Кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын;
  • алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын.

Окуу жылы 15-сентябрдан башталат.