
Чүй облусунун Токмок шаарында унаа дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводду расмий ачуу аземи өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.
Аземге онлайн байланыш аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Ал өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнүн жана аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Завод сыноо режиминде 2023-жылдын август айында иштей баштаган. Ал «Кумтөр Голд Компанинин» туунду компаниясы болуп саналат жана бүгүнкү күндө Кыргызстандагы автомобилдик дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү жалгыз ишкана болуп эсептелет. Өндүрүш заманбап европалык жабдуулар менен камсыздалган. Ишкананын негизги ишмердүүлүгү колдонулган автомобилдик дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.
Заводдун негизги өзгөчөлүгү — колдонууга жараксыз болуп калган дөңгөлөктөрдү таштандыга чыгарбай, кайра өндүрүшкө тартуу.
Анда эки негизги цех иштейт. Биринде унаа дөңгөлөктөрү калыбына келтирилсе, экинчисинде кайра колдонууга жараксыз дөңгөлөктөр механикалык ыкма менен кайра иштетилет.
Ишканага эски дөңгөлөктөрдү жеке жарандар да алып келип тапшыра алышат. Учурда завод өнүгүү баскычында болгондуктан, дөңгөлөктөр акысыз кабыл алынууда. Кийинчерээк утилдештирүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү каралган. Дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү цехи сыноо режиминде 2025-жылдын башында ишке киргизилген. Ошол эле жылдын жай мезгилинен бери калыбына келтирилген дөңгөлөктөр «Кумтөр» кенинде иштеп жаткан оор тоо-кен техникаларында сыноодон өтүүдө.








