VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.

Иш-чара ордо калаадагы “Бишкек Аренада” салтанаттуу ачылып, ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган.

Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө: ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, “Газпром” спорт комплексинде, “Рух-Ордодо”, “Номад” борборунда өттү.

Кырчында уюштурулган “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү.

Оюндардын жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда болуп, эстафета Россияга өттү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды.

Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, дрон-шоу тартууланып, фейерверк менен соңуна чыкты.