
Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон —Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасында ат оюндары мелдештери башталат. Бул тууралуу оюндарды уюштуруу боюнча штабдан билдиришти.
Бүгүнкү иш-чаралардын графиги төмөндөгү таблицада көрсөтүлдү:
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 10 жылдан ашык убакыт ичинде камтыган аймагын жана катышуучулардын санын 4-5 эсеге кеңейтти. 2014-жылы 19 өлкөдөн 600дөй оюнчу спорттун 10дон ашык түрү боюнча мелдешкен. Ал эми быйыл 100дөй мамлекеттен 3000ден ашык спортчу мелдештерге катышат. Спорттук программа бул ирет 43 түр боюнча беттештерди камтыйт.





