
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт.
Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн.
Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын. Анын негизги максаты — эл бийлигинин негиздерин чыңдоо, жарандык коомду консолидациялоо, аймактык көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу.





