
Бүгүн, 2-сентябрда «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Флагштокторго Кыргызстандын жана Пакистандын мамлекеттик желектери илинген.
Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф салам алышкандан кийин эки тараптын расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштыруу болду.
Андан соң Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ошондой эле ардак кароолдун аскер кызматкерлери салтанаттуу жүрүш менен өттү.
Азем Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен аяктады. Ошондон кийин Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушууда Кыргызстандын башчысы өлкө Пакистанды «Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш» катары караарын белгиледи.
«Мамилелерибиздин азыркы этабын мен жогорку деңгээлдеги саясий диалогдон практикалык өнөктөштүккө өтүү катары карайм. Сиздин сапарыңыздын алкагында биз соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, виртуалдык активдер жана башка тармактарда бир катар маанилүү документтерге кол коёбуз», — деп баса белгиледи ал.





