
Жаңы курулган “Бишкек Арена” стадионунун курулушуна 386 миллион доллар сарпталды, ал эми аны “60 миллион долларга салынды” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, курулуш жаңыдан башталып, 30–35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу кадыресе жай куруу пландалып жатканда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев болжолдуу 60–70 миллион долларлык сумманы атаган болушу мүмкүн.
Бирок кийин президент Садыр Жапаров долбоорду түп-тамырынан өзгөртүп, заманбап комплекс куруу тапшырмасын койгон.
“Президент стадион кыргыз боз үйүнүн формасында курулуп, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелер, супермаркет, кинотеатрлар, спорт залдары жана балдар аянтчалары болушу керектигин тапшырган. Антпесе жөнөкөй стадион өзүн актабай, аны кармоо жыл сайын бюджетке миллиарддаган оор жүк болмок. Келечекте ал киреше алып келе турган объектиге айланышы шарт”, — деп белгиледи Алагөзов.
Маалымат катчы стадиондун кеңейтилишине ФИФАнын дүйнөлүк деңгээлдеги эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн стадион кеминде 50 миңден ашуун орундуу болушу керек деген талабы да себеп болгонун кошумчалады.
“Бишкек Аренанын” негизги мүнөздөмөлөрү:
жер тилкеси — 20 гектар;
жалпы курулуш аянты — 194 248 чарчы метр;
диаметри — 280 метр, бийиктиги — 70 метр (8 кабат);
көрүүчүлөр үчүн орундардын саны — 51 252;
сметалык баасы — 386 миллион доллар;
соода жана коммерциялык аймагы — 35 916 чарчы метр (48 дүкөн, 1 супермаркет, 18 киоск, 23 ресторан, 11 кафе, 4 кинозал, балдар аянтчасы, спорт залы жана 5 087 чарчы метр терраса).
Алагөзов стадион өзүн кыска мөөнөттө актап гана тим болбостон, андан ары да өлкөгө киреше алып келерин, учурда эле акы төлөнүүчү ири иш-чараларды жана концерттерди өткөрүүгө сунуштар түшүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал дүйнөлүк практикада мындай заманбап стадиондор 600 миллиондон бир нече миллиард долларга чейин бааланарын мисал келтирип, курулуш материалдарынын, логистиканын кымбатташы жана Кыргызстандагы сейсмикалык талаптар, климаттык шарттар чыгымдарга таасир этерин айтты.
“Соңку күндөрү “биздин стадион 60 миллионго курулду, ал эми коңшу өлкөлөрдө мынчага түштү“ деп, коңшу мамлекеттердин жетекчилеринин аброюна шек келтирген сөздөр чыга баштады. Ошондуктан бул маселени саясатташтырбай, коңшулар менен мамилени курчутпоого чакырам”, — деди ал.
Кебинин аягында маалымат катчы президенттин тапшырмасы менен Эсеп палатасы жана башка тиешелүү органдардын катышуусунда түзүлгөн атайын комиссия курулуш материалдарынын, айлык акылардын жана акча каражаттарынын сарпталышын тыкыр текшерип, жыйынтыгын элге толук ачыктай турганын эскертти.






