Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн эки уул жана бир кыз операция жолу менен жарыкка келди. Алардын төрөлгөндөгү салмагы 2 350, 2 600 жана 2 340 граммды түздү.

“Эненин курсагындагы төртүнчү түйүлдүктүн бири 19-жумада өнүгүүсүн токтоткон. Калган мезгилде келин адистердин тыкыр көзөмөлүндө болду. Натыйжада кош бойлуулукту 35 жумага чейин сактап калууга мүмкүн болду”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда эне чүрпөлөрү менен дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары туруктуу.