Министрлер кабинети 1-октябрдан тарта пенсияларды жогорулатуу тартибин бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө” токтомуна кол койду.

Токтом президенттин 2026-жылдын 10-августундагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди.

Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.