
Аяз Баетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” кабарлады.
42 жаштагы Баетов Жапаровдун өкмөтүндө эң узак убакытка министр болгондордун бири болуп калды. Аткаминер бул кызматты 2021-жылдын октябрынан бери жетектеп келген.
Анын бош калган ордуна Алмаз Айылчиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
44 жаштагы Айылчиев буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген. Ал кызматка Бакыт Нурудинов дайындалды.






