Нарын облусунда жер титирөө катталды

Нарын облусунда бүгүн саат 11:54тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Бейит айылынан 11 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 40 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Бейит жана Орто-Сырт айылдарында 2 балл сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.