Клара Сооронкулова абактан чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Клара Сооронкулова баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кенен комментарий берүүдөн баш тартты.

«Азыр дагы бир несени айтып алып, кайра чыккан жерде болуп калабыз. Үй камагы тандалды, анын өзүнүн тартиптери бар. Тергөө жүрүп жатат», -деди ал.

image 5 5 Клара Сооронкулова абактан чыкты