Россельхознадзор чочконун ДНКсын тапкан “Тойбосс” продукциясынын жыйынтыктары даяр

Россельхознадзор чочконун ДНКсын тапкан “Тойбосс” продукциясынын жыйынтыктары даяр. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда белгилүү болду.

ЖК депутаттары Айыл чарба министрлигинен Россияга колбасаларды жеткирип жаткан Кыргызстандын компаниясы менен болгон жагдайды тактоону талап кылышты.

Депутаттар Айыл чарба министрлигинен Россияга продукцияны жеткирип жаткан Кыргызстандын компаниясы менен болгон жагдайды тактоону талап кылышты.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Кыргызстанда жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча “Тойбосс” компаниясынын продукциясында чочконун ДНКсы табылган жок деп жооп берди.

“Беш тесттин жыйынтыктары даяр, чочконун ДНКсы алардын ичинде табылган жок. Ветеринардык ведомствонун жетекчилиги сүйлөшүүлөр үчүн Россияга учуп кетти”, – деди ал.