«Тойбосс» колбасаларынан чочконун ДНКсы чыккан жок

«Тойбосс» («Адал-Азык» ЖЧКсы) колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди. Бул тууралуу аталган ишкана «Фейсбуктагы» баракчасына кабарлады.

Компания билдиргендей, колбаса өнүмдөрдү текшерүү үчүн Бишкек шаарынын республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна, Россиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясына (ФГБУ «Иркутск МВЛ»), Казакстандын «Эркин Талгам» жана «Нутритест» ишканасынын сыноо лабораторияларына үлгүлөр жөнөтүлгөн.

«Бул лабораторияларга жалпы 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын бардыгы чочко ДНКсы боюнча терс жыйынтыкты көрсөткөн», — деп билдирет компания.

Эскерте кетсек, быйыл апрель айынын баштарында Россиянын Роспотребнадзору Кыргызстандагы адал колбаса чыгарган «Тойбосс» компаниясынын өнүмүнөн чочконун ДНКсы табылганын билдирген. Бул боюнча компания билдирүү жасап, анын башчысы Мырзабек  Орумбаев алардын колбасаларына чочконун эти кошулбай турганына 100% кепилдик бере турганын айткан.

Бул окуядан кийин компания чыгарган продукциядан үлгүлөр алынып, текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.