УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

Бул туурасында УКМК маалымат таратты.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө-тергөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок «Р.Г.» ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды.


“Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган.
Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды.
Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

4f8329bf b6b8 4983 a8a1 7ce02774906a УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду
64170861 3e85 4869 b268 9ea52a2b7268 УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду
8763d5e6 5ae8 4f52 a471 7e9ebed84b8e УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду
565f212e 9be7 4793 afc8 d25c82956375 УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду
70e53456 b126 4ebb 9932 09911220ccf5 УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду
cc4859cb c54d 48a8 a12a cfbe18ab00f0 УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду
d60576c3 6187 4c72 92ba a812f310e97b УКМК тарабынан мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду