Кыргызстанда ШахБокс федерациясы түзүлдү

Кыргызстанда ШахБокс боюнча федерация түзүлдү. Бул тууралуу 12-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында аталган федерациянын президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, жакында алардын федерациясы Дүйнөлүк ШахБокс уюмуна мүчө болуп кирген.

Абасбек Доромбаев белгилегендей, ШахБокс — шахмат менен боксту айкалыштырган спорттун түрү. Ал 2004-жылы Германияда пайда болуп, алгачкы дүйнө чемпионаты Нидерландда өткөн.