Тургун “Йакын инкар” идеологиясынан баш тартты

Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн ишмердигине бөгөт коюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө, аны менен катар Балыкчы шаарындагы экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү менен алдын алуу жана профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири 46 жаштагы А.А.С. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.