Бишкек ШИИБинин башчысынын отставкасын талап кылган митинг өтүүдө

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек ШИИБинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Нааразычылык акцияга келгендер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.

Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан.

Ногойбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган.

miti 1024x579 1 Бишкек ШИИБинин башчысынын отставкасын талап кылган митинг өтүүдө