Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Булак айылынын төрт жараны 2022-жылдын октябрь айларында “К” аттуу жаран алмаларды дүң баада баалашып алып, “азыр банктан акча алып келип беремин” деп изин жашырып кеткендигин билдирип арыз менен милицияга кайрылышкан. “Жалпысынан жабырлануучуларга 119 000 (бир жүз он тогуз) миң сомго зыян келтирилген.
Жогорудагы арыздар Баткен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алдап кеткен жаранга издөө иши ачылган”, – деп айтылат облустук басма сөз кызматынын маалыматында.
Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө жүрүп, 2023-жылдын 2-апрель күнү издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Кадамжай районунун 28 жаштагы К.А. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен аныкталып, Баткен шаарына алынып келинди.
Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.