“Чыпалак баатыр” каймана аты менен элге таанылган Аликенов Жапаровдун кеңешчиси болду

 Ар дайым өз оюн ортого салып, Акылбек Жапаровго кеп-кеңештерин берип келген Зарылбек Аликенов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Бул тууралуу Bulak.kg редакциясына өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров бүгүн, 1-апрелде кол койгон. Аликенов Жапаровдун коомчулук менен байланыш түзүү жана социалдык маселелер боюнча кеңешчиси болот.

Ал эми Зарылбек Аликенов менен байланышканыбызда, ал мындай кызматка дайындалганына кубанып, бардык күч-аракетин Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө жумшаарын айтты. Ал өз сунуштарын төкпөй-чачпай Акылбек Жапаровго берип, керек болсо бекер да иштеп берерин кошумчалады.

Бул жаңылык 1-апрель – Күлкү күнүн утурлай тамаша иретинде жазылды. Жүзүңүздөрдөн ар дайым жылмаюу кетпесин.