2-апрелде Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

Велосезондун ачылышына байланыштуу көчөлөрдүн айрым жерлери жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн тарта Ала-Тоо аянтынан Чүй проспектисин бойлой Панфилов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чейин көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат.

Катышуучулар Ала-Тоо аянтынан саат 9:00дө баштап, Д.Асанов атындагы сейил багында 10:30да жыйынтыкташат.

Эске салсак, иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG”  ачык коому уюштурууда.

Мэрия калаанын тургундары жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңуздарды суранган.