Бишкекте 3-апрелде велосезондун салттуу ачылышы болот

Бул тууралуу уюштуруучулар Facebook баракчасына жарыялашты.

Чогулуу «Адинай» ден соолукту чыңдоо паркында саат 09:00дө болот. Буга чейин ачылышы 27-мартка белгиленген, бирок спорттук иш-чаранын датасы өзгөртүлгөнү маалымдалган.

Иш-чара «Сергек жашоо – дени сак муун» урааны астында өтөт.

Белгиленгендей, программада веложүрүш, сынактар ​​жана белектерди таратуу каралган.