Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун кеңешчиси болуп Муктарбек Зулпукаров дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Оштун мэри кол койду.

Зулпукаров эмгек жолунда бир катар жеке менчик ишканаларда директор, спорттук мектептерде машыктыруучу болуп эмгектенген. Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон.